«Таштак» мектебинин негизделиши
1926-жылдын сентябрь айында Фрунзе шаарында республикада улуттук мектептердин алгачкыларынан болуп кыргыз башталгыч Таштак мектеби уюшулган. Бар болгону 67 окуучу жана 6 педагог, Москва жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичине имаратта эки класстык бөлмө. Биринчи директору — Б. Койчуманов; мугалимдери: К. Каримов, Д. Көкүмөв, А. Ровнягина, О. Жүндүбаев, Н. Шамгунова жана башкалар.
