Мектептин 100 жылдык мааракесинин салтанаттуу кечеси
Качан: 2026-ж., 17-октябрь, ишемби 10:00
Кайда: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракесинин салтанаттуу кечеси. Фойеде фотозона, пресс-волл жана мектептин көргөзмөсү коюлат. Кире бериште этнографиялык ансамбль кыргыз күүлөрүн чертип турат. Фойеде 1–2-кабаттарда мектептин атактуу бүтүрүүчүлөрүнүн (Даркүл Күйүкөва, Бакен Кыдыкеева, Байдылда Сарногоев, Өскөн Даникеев, Төлөмүш Океев, Салижан Жигитов, Жамал Сейдакматова, Сүймөнкул Чокморов, Турар Кожомбердиев ж. б.) ролун аткарган окуучулар образдарды жаратышат жана келген коноктор менен сүрөткө түшүшөт.
Катышуу акысыз. Катталуу бир мүнөт алат — сырсөзсүз, кабинетсиз, — жана кире бериш үчүн QR-кодуңуз даяр болот.
